12-февралда Кара-Суу районунун Манас айыл аймагындагы Каратай айылында жайгашкан орто мектебинде 9-классынын окуучусун 2007-жылы туулган бала ур-токмокко алып, алган жаракатынан улам окуучу каза болгон эле. Маркумдун ата-энеси SEREPTV телеканалына маек берип, каргашалуу күн тууралуу айтып беришти.
«Балам бир башкача бала болчу» деп сыздаган эне акыркы күндөрү тун уулу Адилет күрмөсү жыртылып келип жатканын айтат. Балдар менен тарткылашып айрылды го деп ойлогон эне баласынан эмне болгонун сураса, унчукпай койгон. Анын айтымында, Адилет апасы күрмөсүн тигип берейин десе көнбөй, өзү тигип алган.
Адилеттин апасы Наргиза Абдрахманова уулуна чачын кыскартып ал деп 200 сом бергенин, бирок чачын да кырктырбай, акчасы да жок келгенин кошумчалады.
«Эки күн чачын кыскартпай келди. Акчасы да жок. Бир жерим ооруп жатат деп келет. Акыры үчүнчү күнү өлүп келди. Мага эжекеси ФАПтан чалды. Эмне болгонун түшүнбөй атасына байланыштым. Ал жолдо экен. Кийин чалсам ооруканага алып баратабыз, абалы оор деди. Көрсө балам мектептен эле өлүп калган экен», — деди Адилеттин апасы.
Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Чынара Сейитбекованын маалыматына ылайык, Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39 мектептин 9-классынын окуучусу Адилеттин өлүмү боюнча 11-класстын окуучусу шектүү катары кармалып, камакка алынган. Сейитбекованын айтымында, жаңжал 25-май күнү акыркы коңгуроодо тагынчу лента боюнча 9-11-класстар арасында өз ара териштирүүдөн чыккан. Аталган мектепте опузалап акча талап кылуу, рэкетчилик боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.










