Эрлан Зайнидинов 2018-жылдан бери Орусияда. Каарманыбызды 2020-жылы топ балдар чала өлүктөй болгончо сабап кетишкен. Бул окуядан кийин анын баш сөөгү сынып, эки чоң операцияны өткөргөн. Учурда ал кезектеги операцияны жасатууга каражат топтой албай убара. «Ал окуядан кийин келинчегим төркүнүнө кетип, кайрылып келген жок» деген каарманыбыздын маегин видеодон көрүңүз.
«2020-жылы жумуштан чыгып бара жаткан маал болчу. Бир бала басып келип, бир нерсе сурады. Мен жок экенин айтсам, ызылдап башташты. Ортодо уруш чыгып кетип, 10 бала сабап салды. Андан кийин ооруканада эсиме келдим. Комада 1,5 сутка жатыптырмын. Дарыгерлер операция жасоо керектигин айтышты. Жашоого 30 пайыз гана кепилдик беребиз, калганы өзүңдөн дешти. Биринчи операциядан аман чыктым. Операция 16 саатка созулган. Дарыгерлер сөөктү мээден чогулткан экен. Кыргызстанга кеттим, ал жерде 3 ай жүрдүм. Кайра келдим», — деди ал.