Чек ара кызматы: «Тажикстанда калып калган Кыргыз жарандары чек арадан өткөрүлөт»

Кечээ, 21-июнда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «кыргыз-тажик чек арасы жабылып калган үчүн ата-энем Кыргызстанга келе албай жатышат» деген кыз кайрылып, ата-энесинин башка өлкөдө кыйналып жатканын айткан.

Бул боюнча редакция УКМКнын Чек ара кызматы менен байланышты. Мекемеден билдиришкендей, эгер Кыргыз жарандары чек ара жабылганда Тажикстанда калып калган болсо, алар өлкөгө кире алышат. «Кыргыз жарандары Тажикстанда калып калган болсо, Тажик жарандары Кыргызстанда калып калган болсо, алар өз өлкөсүнө кайта алышат», — дешти Чек ара кызматынан.

21-майдан тарта Тажикстандын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу кирүүсүнө, чыгуусуна, өтүүсүнө жана транзит менен өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө жайгашкан өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорт каражаттарын Тажикстанга өткөрүүгө тыюу салынган. Чек ара эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн гана ачык.