21-апрелде ТикТок социалдык тармагында Чүйдөгү Пригородное айылында Мазда үлгүсүндөгү унаа балдарды уурдап жатат деген маалымат чыккан. Ошондой эле Маевка айылында да кызды уурдап кеткени айтылган. Чүй ОИИБден билдиришкендей, бул маалымат чындыкка дал келбейт.
Чүй облусунун, тактап айтканда, Аламүдүн районунун аймагында балдарды уурдоо фактылары катталган эмес. Ал эми социалдык тармактарга жарыяланган видеого байланыштуу Аламүдүн РИИБде тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Териштирүү учурунда 1982-жылы туулган жаран өзүнүн Мазда Примасси унаасында тааныштарын Пригородное айылына жеткирген. Ошол учурда ага бир нече жаран барып, унаасынын эшигин ачууга аракет кылганда ал унаасы менен качып кеткен. Эмне үчүн жарандар андай кылганы белгисиз. Милиция жарандарды такталбаган маалымат таратуудан алыс болууга чакырды.