Кечээ, 7-июнда ИИМ жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Бермет Тагаеванын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
3-июнда саат 23:00 чамасында 2007-жылы туулган кыз Мичурин көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Учурда маркумдун денеси экспертизадан өткөрүлдү. Андан көзгө көрүнгөн дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.