Бүгүн, 16-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев “Түндүк” системасына кошумча дагы бир “Санарип аймак” системасы түзүлгөнүн, аталган тармактарда башаламандык орун алып жатканын айтты.
Эл өкүлү мэриянын коммуналдык төлөмдөр боюнча депутаттарды коомчулукту адаштырбоого чакырган билдирүүсүнө жооп берип жатып: «Мен көзү азиз кемпирдин ушул маселе боюнча кайрылганын мэрияга жеткиргем. Кемпирге өмүр бою жалгыз жашагынына карабай, үйдө 3 киши жашайт деп көрсөтүлгөн квитанция келген. Эмнеге мэрия маалыматтарды «Түндүктөн» алышпайт? Өздөрү чогулткан маалыматтар ал жакта дагы», — деди Бекешев.
Депутат Айсулуу Мамашова санариптештирүү боюнча сунушун кошумчалады. Ал онкологиялык ооруулулар үчүн бюджеттен 1 миллиард сом дары дармекке бөлүнгөнүн, алар кандай берилип жатканы боюнча тизмени ачык көрсөтүү керек экенин айтты. «Бул багыт да санариптештирилсе. Жарандарыбыз маалыматты ачык көрүшү керек. Санариптештирүү маселесин кароодо Онкология борборун, Саламаттыкты сактоо министрлигин да чакырышыбыз керек», — деди Мамашова.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан санарип маселесинде кыйла артта калып, абдан жай өтүп жатканын белгиледи.