14 жашка чейинки окуучуларга телефон колдонгонго тыюу салуу керек. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу комитет жыйында билдирди.
«Баламды таппай калам десең чип койдуруп кой. А бул телефондун ичинде эмнелер гана бар. Коомубуздун тарбиялык жагын ойлосок, 14 жашка чейин мыйзамдуу түрдө телефонго тыюу салып койсок», — деди ал.
Ошондой эле, депутат өлүм жазасын киргизүү сунушун колдоду.