«Аял коомдун сынынан коркпошу керек. Эгер ал эч кимге айтпай төрөп, баладан баш тартам десе, кылмыш жоопкерчилиги жок төрөтканада буга шарттар түзүлүшү керек. Ошол эле учурда бала төрөй албай, баланы кыялданып жүргөн аялдар баш тарткан балдарды асырап алууга болгон шартты түзүп берүү керек.
Ал эми кааланбаган баланы, коргонбостон жараткан эркек кишиге юридикалык жоопкерчилик болушу керек. Коргонуу боюнча. Билим берүү тармагындагы айрым адамдардын таасиринен мектеп окуучуларына жыныстык тарбия берүү иштери таптакыр жүргүзүлбөй келет. Биз бардык жерде контрацептивдердин артыкчылыктары жөнүндө айтышыбыз керек да. Аларды социалдык жактан аялуу жаштар үчүн бекер болсо жакшы болмок», — деп жазды ал.