Депутат Медер Алиев Кыргызстанда Аталар күнүн белгилөөнү сунуштоодо. Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоору коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын тааныйт, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
«Балдарды тарбиялоодо, үй-бүлөнү чыңдоодо атанын ролунун, коомдун өнүгүшүнө салымынын маанилүүлүгүн таанып, аталарды урматтоо жана ардактоо салттары Кыргызстан калкында терең тамыр жайган. Балдарда инсанды, социалдык жөндөмдөрдү жана дөөлөттөрдү калыптандырууда аталар өзөктүү роль ойнойт. Бул мыйзам долбоору ушул ролду баса белгилөөгө жана таанууга жардам берет, балдар, үй-бүлө жана коом тарабынан аталарга терең ыраазычылыкты, урмат-сыйды жана жоопкерчиликти сезүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Ар бир кыргыз өзүнүн жети атасы жөнүндө билүү канчалык маанилүү экендиги жөнүндө уккан. Өзүнүн жети атасын билүү өзүнүн тегин билүүнү билдирет. Байыртадан эле кыргыздар жети муунга чейинки өзүнүн ата-бабаларын билген адам – өзүнүн санжырасын билет деп эсептеген. Ар бир кыргыз өзүнүн санжырасын жатка билүүгө умтулган. Өз элинин маданиятын, салттарын, тарыхын билбеген жана баалабаган адам маңкурт деп аталган.
Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрөлү. Мисалы, 1909-жылы Вашингтон штатындагы америкалык Спокан шаарында Сонора Луиза Смарт Додд эмне үчүн Эненин күнү белгиленет, бирок аталар үчүн ушундай майрам жок деп ойлонгон. Кеп Сонора эне кайтыш болгондон кийин калган алты баланы атасы, Жарандык согуштун ардагери Уильям Жексон Смарт тарбиялагандыгында. Ал өзүнүн балдары үчүн жакшы көргөн жана камкор ата жана аны тууроо үчүн үлгү болуп калган. Аялдар демилге менен жергиликтүү бийликтерге кайрылган, алар аялдардын петициясын колдогон. Жергиликтүү бийликтер демилгени колдогон. Эң башынан эле майрамды Уильям Смарттын туулган күнүндө белгилөөгө ниеттенишкен, бирок 19-числого которушкан. 1966-жылы АКШнын президенти Линдон Жонсон муну улуттук майрам кылган. Дал ошол учурда дата да – июндун үчүнчү жекшембиси бекитилген. Бара-бара Атанын ушул күнү дүйнө боюнча тараган. Азыр аны 30дан ашык өлкөдө белгилейт.
Ар бир өлкөдө Атанын күнүн майрамдоонун өз үрп-адаттары бар. Австралияда Атанын күнүн үй-бүлөнүн чөйрөсүндө белгилешет. Балтика өлкөлөрүндө балдар бакчаларында жана мектептерде балдар аппликациядан буюмдарды жана башка нерселерди жасайт жана өз аталарына жана кала берсе чоң аталарына тартуулайт. Италияда Атанын күнү италиялык эркектердин башкы майрамы болуп саналат. Японияда да белгиленет.
Бүтүндөй алганда, мыйзам долбоору үй-бүлөдө жана коомдо аталардын ролун таануунун жана колдоонун, ата менен уулдун ортосундагы эмоциялык байланышты өнүктүрүүнүн, урматтоо жана сыйлоо салттарын калыптандыруунун, ошондой эле балдарды тарбиялоого аталардын жигердүү катышуусун колдоонун маанилүү максаттарына кызмат кылат. Белгилей кетсек, мыйзам долбоору менен сунушталган Аталар күнү дем алыш күн болуп саналбайт»,- деп айтылат баяндоо бөлүгүндө.