Депутат Аида Исатбек кызы студенттердин онлайн окуусу жакшы жүрбөй жатканын айтты.
«Министрлик Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте тыгынды азайтуу максатында студенттерди 15-сентябрга чейин онлайнга которушкан. Интернети жакшы иштебейт, онлайн окуу жакшы жүрбөй жатат. Биздин студенттер же окуган киши эмес же окубаган киши эмес болуп 10 күндөн бери жүрүшөт», — деди ал.












