Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Марипов ага тиш дарылоого болгон баалар боюнча жарандар кайрылып жатканын билдирди.
«Элге тиш дарылатуу өтө оор болуп жатат. 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин болуп жатат деп айтышты. Муну ким көзөмөлдөйт? Тиешелүү жактарга тапшырма берсеңиздер»,- деди ал.