Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик инканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Алгач комитет төрагасы Мурадил Сыдыков баштаган депутаттар Бактыбек Сыдыков, Талант Мамытов, Медербек Саккараев жана Бактыбек Чойбеков «Бишкек 2 – Балыкчы» темир жол каттамы аркылуу жаңыланган вагондо жүргүнчүлөр менен бирге барып, оңдоо иштеринин сапатына күбө болушту. Ошондой эле, эл өкүлдөрү поездде бараткандар менен баарлашып, ар бир вагонду кыдырып чыгышты.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы өз күчү менен быйыл дагы 2 вагонду модернизациялап, жалпысынан заманбап алты вагон каттамга коюлган.
Комитет мүчөлөрү андан ары Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштеринен кабар алышты. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси Азамат Сакиев билдиргендей долбоордун Балыкчыдан Кочкорго чейинки бөлүгүнүн 30-чакырымынан 44-чакырымына чейин суу куурларын орнотуу, бургулоо жана жардыруу сыяктуу иштер жүрүп жатат.