Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынай Нарбаева социалдык тармактагы баракчасында курбусу, белгилүү актриса, режиссёр Ырыс Жоомартованы эскерди.
«Уккан кулагыма ишенбей турам. Эх жашоо… Жармашкан мээнет алып тынган тура. Сенин эмгектериң, жаркылдаган мүнөзүң, эликтей көзүң, жараткан ролдоруң, берешен-жоомарттыгың көз алдымдан кинодой чуурултуп олтурам. Өз кесибиңдин дыйканы элең. Ырыс Жоомартова деген атыңды тургуздуң. Мээримдүү эне, ажарлуу жар, достукка эң туруктуу инсан элең», — деп жазды ал.
Белгилүү актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматка ылайык, актриса акыркы күндөрү ооруп жүргөн.
SEREP MEDIA маалымат агенттигинин эмгек жамааты актрисанын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.