Эки адамды өлтүргөн жарандын көрсөтмөлөрү жеринде текшерилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
3-октябрда Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жасалган эки адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы кармалган жаран 2006-жылы туулган жарандын катышуусу менен кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүздү.
Жазык-процесстик кодексинин 215-беренесинин (Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү) негизинде шектүү окуя болгон жерге жеткирилип, ал жерде өзүнүн аракеттерин айтып жана кайталаган.
Андан ары, ал үйгө кандай жол менен киргендигин, ошондой эле жабырлануучуга кандай жол менен сокку урганын жеринде кеңири айтып берди. Кармалган жарандын көрсөтмөсү видеожазууга жазылды жана далил катары кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.











