Чоң-Алайда прокуратура 600 мугалимге айлык акыга 14 миллион сом ашыкча төлөнгөн, кайра мамлекетке кайтарып бергиле деп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Сулайманов билдирди.
Депутаттын айтымында, 377-токтомго ылайык, бийик тоолуу жерде жашап, иштегендиги үчүн дыйкан чарба мүчөлөрүнүн эмгек стажы кошо эсептелет. Ошондуктан айлык акысына кошумча төлөнүп келген.
«Бул 2023-2024-жыл үчүн төлөнгөн ашыкча акы деп тергөө жүрүп жатыптыр. Айрыкча 10 миң сом алып иштеген техникалык кызматкерлер үчүн оор эле болуп калат. Мугалимдерден акчаны кайра мамлекетке кайтар десек туура эмес ко. Алар коомго пайда эле алып келет. Бул балким бир эле Чоң-Алайда эмес, башка райондордо да ушундай болуп жатышы мүмкүн», — деди Суламанов.
Саламатсызбы агай?
Эң туура маселе биз тескерисинче чек ара макамын алсак айлыгыбыз кыскартылбай,кайдадан кошулушу керек