Маалыматка ылайык, бул чара өлкөнүн аэропортторундагы тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, коопсуздукту жогорулатууга жана кызматкерлердин ишин контролдоого багытталган. Төш камералар жүргүнчүлөрдү тейлөө учурундагы маанилүү окуяларды каттап, талаштуу кырдаалдарда объективдүү баа берүүгө жардам берет.
«Камералар чыр-чатактарды алдын алууга көмөктөшүп, ошондой эле окуяларды иликтөө үчүн маанилүү инструмент болуп кызмат кылат. Бул технологиянын киргизилиши дүйнөлүк стандарттарга ылайык келүү менен жүргүнчүлөр жана тейлөөчү персоналдын ортосундагы ишеним деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт», — деп жазылат маалыматта.
Төш камералар ишке киргизилгенден кийин бардык аэропорттордун кызматкерлери тиешелүү окуудан өтүшөт. Камералар белгилүү бир кырдаалдарда видеону автоматтык түрдө жаздырып турат. Ал эми жазылган маалыматтарга окуяларды иликтөөгө ыйгарым укуктуу адамдар гана кире алышат.











