Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 150 “Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна айрым өзгөртүүлөр киргизилди.
59-пункттун 1-бөлүгүнө ылайык, катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга саат 18:00дөн 24:00гө чейин гана уруксат берилет. «Бишкек шаарынын аймагында өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн жана жеке үйлөрдүн, турак жана турак эмес жайлардын ээлери ушул пунктту сактоого милдеттүү»,- деп айтылат маалыматта.
67-пункт таштандыларды (күл, дарак бутактары, куураган чөп жана башка) контейнерлерге жана ага жакын жерге ыргытууга жана сактоого тыюу салат. Ошондой эле, саат 07:00дөн 10:00гө чейин N2, N3 жана N4 категорияларындагы чиркегичи бар N2, N3 категориясындагы жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынды.
Товарларды жүктөө жана түшүрүү белгиленген жерлерде жана кыймылга тоскоолдук кылбастан жүргүзүлүүгө тийиш. Буга азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлиндеги товарларды, тез бузулуучу, тамак-аш, медициналык товарларды жана атайын кызматтардын (өрт коопсуздугу, медициналык тез жардам, авариялык-куткаруу кызматтары, куралдуу күчтөр) жүктөрүн ташыган транспорт каражаттары гана кирбейт.











