Эми кыймылсыз мүлк сатууда салык боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым кат талап кылынбайт. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул чечимди бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында деп түшүндүрдү.
«24-февралдан тартып салык карызынын бар-жогу тууралуу маалымат «Кадастрда» жеткиликтүү болот. Карыз болгон учурда кыймылсыз мүлк сатып жаткандар анын суммасы жана онлайн төлөө мүмкүнчүгү жөнүндө дароо маалымат алышат. Карызды төлөгөндөн кийин алып-сатуу келишимин түзүүгө болот», — деп жазылат маалыматта.