Бишкектеги Ленин райондук сотунун имаратынын алдында “Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуевдин тарапташтарынын акциясы өтүп жатат. Алар анын негизсиз камалганын айтышып, аны абактан бошотууну, жок дегенде үй камагына чыгарууну талап кылышууда.
Нааразы тарап 18-мартта да ушундай эле талап менен соттун алдына чыгышкан. Алар Эмир Чукуевдин ден соолугу начарлап кеткенин билдиришкен.
“Манас” аэропортунун башкармалыгын 2015-жылдан 2018-жылга чейин жетектеген Чукуев түркиялык компанияга эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз берген жана ошонун айынан мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө. Ленин райондук сотунун 8-февралдагы чечими менен ал 6-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.
Бүгүн, 29-мартта райондук сотто анын бөгөт чарасы каралмак.









