27-майда Непал убактысы боюнча саат 04:40та жеке ишкер Рысгүл Акимжанова дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эвересттин чокусуна ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиретти. Ал социалдык тармактагы баракчасында куттуктап жаткандарга ыраазчылык билдирди.
«Куттуктоолорго чон рахмат! Ар бириниздерге жооп берип үлгүрбөй жатам! Ушунчалык көп куттуктоолор, жылуу сөздөр, чыныгы колдоолор, чыныгы камкордук, чын дилден сүйүнүчтөрдү алып жатам. Ушундай сонун сөздөрдү көзүмө жаш алып окуп жатам. Нөл тажрыйбадан дүйнөнүн чокусу Эверестке бир жылда жеттим. Мурда даярдыгы жок, көндүмдөрү жок, тажрыйбасы жок, мурда бийик тоолорго чыкпай туруп, «Эверестке чыгам» деп максаттын желекчесин койгондон баштап, болгону бир нече айдын ичинде мен бул максатка жеттим.
Негизи эле ден соолугума байланыштуу, азыр мен «өзгөчө режимде» жашайм. Январда 7 саатка созулган кезектеги оор операция болгом. Дарыгерлердин каршы болгонуна карабай, максатымды көздөп бардым.
Биринчи жолку штурмда бийик чокуга жакын калганда кайра кайттым. Бирок, экинчи жолу кайра баруума Непал компаниясы караманча каршы болду. «Биринчи жолку штурмдан организм катуу стресс алат, кайра калыбына келиш үчүн аз дегенде эки жума керек. Сезон бүткөндүгүнө байланыштуу, алдыда штурм күндөр өтө кооптуу, кыска болот. Спорттук чыгуулар гана болушу мүмкүн, эгер болсо… Кайра чыгуу үчүн кайрадан 1-2-3-4 базалардын ортосундагы аралыкты да басып өтүү керек, ага убакыт да калбай калды, организм түтпөйт, күчүң, ресурсуң калбады. Компаниядагы дагы бир өлүк болушуңду каалабайбыз» дешкен.
Бирок, сүйлөшүп жатып, сезондогу акыркы күнгө илешип калдым. Беш күндүк бардык кыйын этаптарды кайра өттүм. Биринчи штурм менен экинчинин ортосу 7-8 күн, анын 5 күнү кайра этапка кетет.
Өлдүм-тирилдим. Бирок мен муну жасай алдым. Нөлдөн дүйнөнүн чокусуна чейин бир жылда, экинчи жолу бир жумада жеттим. Ар бириниздердин колдооңуздар күч берди! Жакшы сөздөрүңүздөр дем берди! Ошондуктан, менин Эверестке чыгуума ар бириниздердин салымыңыздар өтө чоң»,- деп жазды ал.