Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлангандар:
Кубатов Эдуард Жумакадырович — альпинист, коомдук ишмер, “Кыргыз Республикасынын альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы” коомдук бирикмесинин президенти;
Мадаминов Гапыр Маматкулович – Баткен облусунун Лейлек районундагы № 3 мектеп-гимназиясынын негиздөөчүсү, тарых мугалими;
Мамазаирова Менди – акын, жазуучу, драматург, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун мүчөсү.