ИИМ: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Баткен ОИИБдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, башка күч органдары менен бирге чек ара аймагында абалды көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баткен ОИИБдин жана Согди ОИИБдин кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында, күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Ушуну менен эле бирге Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо. Учурда кыргыз-тажик чектешкен аймакта абал туруктуу», — деп айтылат маалыматта.