Бүгүн, 6-апрель күнү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 58 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Атайын уюштурулган салтанатта тергөөчүлөрдү ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев куттуктады.
«ИИМдин Тергөө кызматы ички иштер органдарынын алдыңкы кызматтарынын бири болгондуктан, кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө боюнча татаал, жоопкерчиликтүү тапшырмалар аткарылат. Ички иштер органдарынын бардык ыкчам ишмердүүлүгүндө чечүүчү ролду ойнойт.
Тергөө кызматынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жана
антына бек турат. Өз күчүн, билимин жана тажрыйбасын алдыга коюлган тапшырмаларды абийирдүү аткарууга жумшайт», — деди Эркебек Аширходжаев.
Ошондой эле салтанатта мыкты кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.









