СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окурмандардан «оңдоо иштери жүрүп жаткан Илимдер академиясындагы таштандыда адамдыкына окшош сөөктөр жатат» деген маалымат түшкөн. Атүгүл видеосу менен да бөлүшүштү.
MediaHub дал ушул сөөктөр боюнча маалымат алуу үчүн Илимдер академиясына барып, Археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева менен телефон аркылуу байланышкан.
«Азыр бизде кандай акыбал болуп жатат көрдүңөр го. Улам кабинеттерди бошотуп жатат. Биздин китептер да бир жерде жатат. Ремонт бүткөндө иреээтке келтиребиз. Ал сөөк тарых музейинен алып келинген. Былтыр же мурдагы жылы алып келип, таштап коюп кетишкен. Биз алып кирип койгонбуз»,- деди ал.