Интернет айдыңында президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын сөйкө салуу жөрөлгөсүнөн видео тарады. Айрым жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, кечээ, 15-февралда кыз узатуу болуп өтсө, 21-февралда үлпөт той болоорун жазышууда.
Видеодон Лазаттын жолдошу спортчу Амантур Исмаилов экенин көрүүгө болот. Ал 2018-2021-жылдары Азия чемпионатынан коло байге уткан. 2022-жылы Дүйнө чемпионатында да коло медаль тагынган. Былтыр Олимпиадага катышып, 5-орунду алган.