Социалдык тармактарда «Ырысбек Атажановго караштуу аксакалдар үгүт иштерин баштаптыр. Мектеп салып берет дейт го» деген видео тараган. Анда аксакал Ырысбек Атажановду колдоп берүүнү талап кылып жатканын угууга болот.
Бул боюнча милиция маалымат берди. «Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Матажиев Гуламидиндин сүйлөгөн сөзү боюнча маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери башталды. Текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык укуктуу баа берилет»,- деп айтылат маалыматта.






