Жалал-Абад облусунда 879 ипотекалык батир берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
“Бүгүн Жалал-Абад облусунда 879 үй-бүлө көптөн күткөн батирине ээ болду. Бул — Кыргызстандын ипотекалык саясаты үчүн чыныгы тарыхый кадам. Буга чейин 2147 батир Бишкекте тапшырылган болсо, региондордо мындай масштабдагы үй берүү биринчи жолу жүзөгө ашып жатат”, — деп белгиледи Каныбек Туманбаев.
Анын айтымында, бул турак жайлар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуп, чындап муктаж болгон жарандарга берилди.
Туманбаев белгилегендей, учурда өлкө боюнча 60 миңден ашуун ипотекалык батирлердин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда эле 11 204 батир курулууда.