Жекшемби, 15.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Жалал-Абадда 10 жылдан бери психиатриялык ооруканада жаткан жаран дарыланууга которулду

15:13 05.06.2025
0
MBANK MProfi кызматын ишке киргизди — текшерүүдөн өткөн адистерди издөө үчүн жаңы кызмат

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин 10 жылдан ашык психиатриялык оорукананын соттук-экспертиза бөлүмүндө жаткан жаран дарыланууга которулду.

Акыйкатчыга Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык оорукананын башкы дарыгери кайрылган. Ал аталган ооруканын соттук-экспертиза бөлүмүндө 1973-жылы Базар-Коргон районунун Чкалов айылында туулган жаран 2014-жылдан бери эч кандай дарылоодон өтпөй кармалып турганын айтып, бейтаптын укугун камсыздап берүүнү өтүнгөн.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери аты аталган жарандын ишин карап чыгып, ал ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча соттун чечими жок болгондуктан, 10 жылдан ашуун психиатриялык мекеменин соттук-экспертиза бөлүмүндө кармалып турганын таcтыкташкан.

Ага 2014-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери (Эки же андан көп адамдын өмүрүнө кол салуу) менен эки иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучунун акыл-эси соо эмес деп табылгандыгына байланыштуу психиатриялык ооруканага жаткырылат.

Буга байланыштуу Базар-Коргон райондук соту 2014-жылдын 26-февралында 130-берене боюнча козголгон кылмыш ишин убактылуу токтотуп, экинчи ишти (28-97-беренелер) өндүрүштөн кыскарткан.

Биринчи иш убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу кылмышка шектелген жарандын укуктук макамы так аныкталбай калып, аны оорукананын соттук-экспертиза бөлүмүнөн катуу кайтаруудагы даарылоо бөлүмүнө (№5 бөлүмү) которуу мүмкүн болбой келген.

Себеби, №5 бөлүмгө кылмыш иши кыскартылып, мажбурлап дарылоого жиберилген бейтаптар гана кабыл алынат. Ал эми бейтап 10 жылдан ашуун кармалып турган №7 бөлүмгө тергөө же сот органдары тарабынан акыл-эсине соо эместигине шек саналгандар убактылуу жаткырылат. Бул бөлүмдө психотроптук дармектер берилбейт жана толук кандуу дарылоо курсу дайындалбайт.

Жогорудагы жагдайлардын негизинде, Акыйкатчы Институту Башкы прокуратурага кылмыш ишинин кыскартылышынын мыйзамдуулугун текшерип, аны логикалык жыйынтыкка жеткирүү үчүн чараларды көрүүнү жана анын укуктук макамын аныктоо жана аны дарылоо үчүн тиешелүү медициналык бөлүмгө которуу маселесин кароону сунуштаган.

Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин, 2025-жылдын 11-апрелинен тарта толук кандуу дарылоонууга жиберилди. Оорукананын башкы дарыгеринин маалыматында, бейтап учурда №5 катуу кайтаруудагы бөлүмүндө дарыланууда.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Камчыбек Ташиев Бишкекке учуп келди

Камчыбек Ташиев Бишкекке учуп келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:21 13.02.2026
0

Бүгүн, 13-февралда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди Бишкекке учуп келди. 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун...

Бишкекте авария катталган учурдан тартып шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок

Бишкекте авария катталган учурдан тартып шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:48 12.02.2026
0

7-Апрель көчөсүндө (Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде) диаметри 900 мм болгон жылуулук түтүгүндө авариялык мүчүлүштүк катталган. Аварияны жоюу максатында...

«Бишкек жылуулук тармагы» 7-Апрель көчөсүндөгү аварияны жоюуда

«Бишкек жылуулук тармагы» 7-Апрель көчөсүндөгү аварияны жоюуда

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:47 12.02.2026
0

7-Апрель көчөсүндө Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жылуулук тармагында авария катталганына байланыштуу «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан оңдоо-калыбына...

#Күнсереп: Жогорку Кеңештин төрагасы Маматалиев болобу?

#Күнсереп: Жогорку Кеңештин төрагасы Маматалиев болобу?

Автор Эдита Ильясова
12:30 12.02.2026
0

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин айтылып жаткан кептерге чекит койду. Ал бир же эки...

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:11 10.02.2026
0

Кечээ, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. «Кыргыз Республикасынын Президентин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
БШК Алтынбековду, Мамытовду жана Карабекованы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп тааныды

БШК Алтынбековду, Мамытовду жана Карабекованы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп тааныды

13:09 14.02.2026
БШК Алтынбековду, Мамытовду жана Карабекованы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп тааныды

БШК Алтынбековду, Мамытовду жана Карабекованы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп тааныды

13:09 14.02.2026

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү