Жалал-Абад облусунда өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусу текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан «Өспүрүм-эмгек» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Анын алкагында соода борборлору, базарлар, унаа жуучу жайлар, курулуп жаткан курулуштар текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 18 өспүрүм жумушка тартылганы аныкталып, 4 ата-энеге айып пулдар салынды. 8 бала боюнча материалдар топтолуп, тиешелүү чараларды көрүү сунушу менен комиссияга өткөрүлүп берилсе, 6 баланын ата-энесине эскертүүлөр берилген.
«Өспүрүм-эмгек» рейди Ала-Бука РИИБи тарабынан да өткөрүлүп, район аймагы текшерүүгө алынган. Алдын алуу иш-чарасынын алкагында жумушка тартылган 4 өспүрүм аныкталып, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле өспүрүмдөрдү эмгектин оор түрлөрүнө иштетпөө керектиги эскертилген. Ал эми Чаткал РИИБи тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка жана ар түрдүү кырсыктарга бөгөт коюу иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери балдарга велосипед менен унаа жолдоруна чыкпоо керектигин эскертишип, кылмыш жана кырсыктардан алыс болууга чакырышты.