Минкаб түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилип, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Мындан тышкары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин базасында Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги түзүлдү.