«Кечээ, 30-майда Биринчи Май РИИБге мени саат 10:00 чамасында кармап кетишкен, саат 15:00 чамасына чейин сурак берип чыктым». Бул тууралуу жарандык активист Адилет Али Мыктыбек СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кармалышы жана ага коюлган айып боюнча комментарий берип жатып билдирди.
«Мен кечээ көзөмөл аппаратына каршы митингге журналист катары митингди чагылдырууга бара жаткам. Аз калганда эле мени Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери кармап кетишти. Милицияга мурда деле барып жүргөм да, мага эң эле түшүнүксүз болуп жатканы, эмне үчүн митинг болордун алдында ушундай жолго барышты? Мен аларга номурумду деле таштап кеткем. Же кел деп чалышкан да жок. Көзөмөл аппаратына каршы болгон митингчилердин талабы менен мени бошотушту. Алар менин кармалганымды угуп-көрүшүп, чыгарсын деген талаптарын коюшуптур. Ал эми алар чогулгандар эрте тарап кетишсин деп, мени саат 15:00 чамасында бошотушту. Чакырганда келип турасың дешти», — деди ал.
Кечээ, 30-майда жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден ага массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылганын билдиришкен.