Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобуна мыйзам бузуулар жөнүндө 31 билдирүү келип түштү. Бул тууралуу БШКнын төраймы Нуржан Шайлдабекова жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 31 билдирүүнүн ичинен шайлоочулардын укугун бузган — 1, пара берип, добуш сатып алуу — 14, административдик ресурсту колдонуу — 8, коркутуп-үркүткөн жана кысым көрсөткөн — 1, талапкерлер тарабынан жалган маалымат таратылган- 1, үгүт эрежелерин бузган — 3, шайлоо өнөктүгүн каржылоо маселелерин бузуу — 3 фактылары.
Ошондой эле БШКнын төрайымынын айтымында атлаган 13 факты маалымат каттоо журналына катталды. Ал эми 12 факты тастыкталган жок. «Дагы эки факт текшерилип жатат. Ошондой эле дагы 15 иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдирди Шайлдабекова.
«Ошондой эле ал шайлоо өнөктүгүндө шаарларда жана айылдарда көрктөндүрүү иштери күч алгандыгын кошумчалап, административдик ресурстарды колдонуунун белгилери бар экендигин эске салды. «Бул шайлоодо талапкерлер айрыкча жеке короолорду жана көчөлөрдү жабдууга аракет кылышат. Пара алуу боюнча 14 билдирүү келип түшкөн. Бул өтө одоно мыйзам бузуу жана таза шайлоону өткөрүү боюнча биздин бардык аракеттерибизди жокко чыгарат”, — деп белгиледи Нуржан Шайлдабекова
Жана аталган добуш сатып алуу фактылар тастыкталса, талапкерлер жана партиялар жарыштан четтетилерин төрайым эскертти. Ал аймактык шайлоо комиссиялары өз убагында чара көрүп, мыйзам бузган партия, талапкерлерди шайлоодон четтетиш үчүн, укук коргоо органдарынан тергөөнү тездетүүнү суранды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.








