Бишкекте 8-март майрамынын алдында Кайгуул милициясы адаттагыдай айдоочу аялдарды токтотуп куттуктаган.
Унааны токтотуп, рулдагы айымга гүл берейин дегенде ал баласын ооруканага алып баратканын айтып, алардан тезирээк жеткиришип коюуну өтүнгөн. Кайгуулчулар дароо баланы алып, аялды артынан айдатып, шаардагы 3-ооруканага эне-баланы ыкчам жеткирип коюшкан.






