Буга чейин социлдык тармактарда келин ӨКМдин кызматкери болгон жолдошу тарабынан сабалганын жазып чыккан. ӨКМ маалымат таратып, окуяга Кыргызстандын ӨКМинин тиешеси жок экенин, окуя Орусияда болгонун билдирди.
«Күйөөсү тарабынан сабалган Валерия аттуу аял тууралуу окуя Орусиянын Якутск шаарынан орун алганын белгилейбиз. Окуядагы арызданган Валерия бул Орусиянын якут улутундагы жараны.
Бул окуянын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эч кандай тиешеси жок. ӨКМ мындай зордук-зомбулуктарга каршы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ичке иштер министрлиги менен биргеликте иш алып барып, мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында байма-бай алдын алуу иштерин жүргүзүп турат»,- деп айтылат маалыматта.







