Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын учкучсуз учуучу аппараттары тартылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Учкучсуз учуучу аппараттар издөө иш-аракеттеринин натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, жетүүгө кыйын болгон жерлерди жана кеңири аймактарды изилдөөгө жардам берет. Акыркы маалыматтар боюнча, 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө боюнча издөө иштери улантылууда.
«Издөө операциясына укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар катышууда. Татаал тоолуу жана токойлуу шарттарда издөө кыйынчылыктарды жаратат», — дешти.