УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына 12 жылдык билим берүү боюнча оюн жазды.
«Мен бүгүн өтө орчундуу болгон, эртеңки келечек муундун жана мамлекетибиздин тагдырына чейин кесепетин тийгизе турган маселеге ачык оюмду билдирейин деп чечтим. Бул маселе азыр коомдук талкууга чыгарылган билим берүү системасындагы мектеп окуу мөөнөтүн 12 жылга чейин узартуу боюнча жүргүзүлгөн аналитиканын негизинде жаралды. Менин жеке оюм боюнча бул туура эмес.
Эмне үчүн?
- Биздеги мектептеги билим берүү өтө начарлап кетти. Ушул түйшүктү чечмейинче, башка системага умтулуунун кереги жок.
- Жактоочулар «чет мамлекетке барып окууга ыңгайлуу болот» дешет. Статистиканы алып көргүлөчү. Болгону 3-5 пайыз гана бүтүрүүчү Европа, Америкага барып окушат экен. Калганы КМШ мамлекеттеринде жана өз өлкөбүздө эле жогорку билим алууну улантышат.
- Финансылык экономикалык жагынан да өтө көп зыянга учурап калабыз. 30 миңден ашык кошумча мугалим, 200дүн тегерегинде кошумча мектеп жана башка.
- Биз алдыңкы мектептерди жоюп, арткы мектептерге теңеп салдык. Бул да чоң көйгөй болду. Билим берүү боюнча негизинен эле айта турган болсок, биз өтө чоң кооптуу абалга бара жатабыз. Себеби жогорку окуу жайда окуу жөнөкөй эле акча төлөө, зачётканы толтуруу жана кимдир бирөөлөр үчүн байлык топтоо системасына айланды. Университеттерге окууга барбай эле миграцияда же чет өлкөлөрдө жүрүп эле диплом алгандар көбөйдү жана бул көрүнүш бардык жогорку окуу жайларда кездешип жатат. 200 студент диплом албаса да, таза жакшы эмгеги менен билим алган 20 студент диплом алса, мамлекет үчүн алда канча пайдалуу эмеспи!
Дагы бир жолу бардык жогорку окуу жайлардын жетекчилерине эскертем: Ар бир жогорку окуу жайды текшерүүгө жетишебиз. Жакынкы 2 жылда коррупциясы жок мамлекетке айланабыз. Баарыбыз чогуу аракет жасашыбыз керек», — деп жазды ал.