Чүй облусунун Ысык-Ата районунун милиция кызматкерлери улуттар аралык кастыктын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чаранын алкагында Кант шаарындагы Азия медициналык университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү. Ал жерде Пакистан менен Индия өлкөсүнүн жарандарынын ортосундагы улуттар аралык жаңжалдын алдын алуу жана алардын ортосундагы чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында түшүндүрүү жүргүзүлгөндүгү кошумчаланган.