Мындай чечим Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысынын буйругунун негизинде кабыл алынды.
«Суук аба ырайынан улам суу тоңуп, түтүктөр жарылып, жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 18-декабрдагы буйругунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына «Өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу», — деп жазылат маалыматта.