Астана-Жезказган маршруттагы поездде кыз төрөлдү. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө эненин жаңы төрөлгөн ымыркайы менен поездде тартылган видеосу пайда болгон. Анда Астана менен Жезказгандын ортосундагы поездде 2001-жылы туулган келин кыз төрөп, төрөттү поезд башчысы кабыл алганы жазылган.
Маалыматты «Казак темир жолу» тастыктады. Маалыматка караганда, кыз саат 5-декабрда саат 11:17де жарыкка келген. Ымыркайга Арай деген ысым беришкен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram