19-ноябрда Бишкектин Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин короосунда ымыркай табылганы айтылган. Бул — ноябрь айында Бишкектин көчөлөрүндө табылган экинчи ымыркай. Милиция кызматкерлери SUPERTV’га окуянын чоо-жайын айтып беришти.
«Саат 22:53 чамасында чакыруу түштү. Анда ымыркайдын ташталганы айтылды. Бала короонун ичинде экен. Жамгыр жаап жаткан үчүн анын денеси ылай болчу. Баланы баштыкка салып, байлаптыр. Кутуга салыптыр, анысы да суу экен. Үйдүн ээси алып чыгып берди. Тез жардамды чакырдык дешти. Бирок аны күткөнгө убакыт жок болчу. Үй ээсинен шейшеп сурадым. Баштыкты ачып, суусун төгүп, шейшепке ородук. 2-төрөтканага алып бардык.
Ыйлабасын деп оозуна даарат кагазын тыгып коюшуптур. Киндигин бычак менен кеспей, колу менен жулуп салыптыр», — деди ал.