Кечээ, 19-январда Көк-Жар жаңы конушунун Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жарылуу болгон. 1-кабаттагы батирдин ашканасында газ түтүкчөсү жарылган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, кесепетинен 62 жаштагы аял менен анын 38 жаштагы кызы жабыркап, ооруканага жеткирилген.
62 жаштагы аялдын денесинин 60 пайызы күйгөн. Абалы өтө оор. Ал эми 38 жаштагы кызынын денесинин 10 пайызы күйгөн, абалы орточо оор. Бейтаптар учурда ооруканада.