Бишкекте троллейбустун айдоочусу коляскадагы жүргүнчүгө орой мамиле жасаган. Аялдын айтымында, кирерде ал пандусту түшүрүүдөн баш тарткан.
Бишкек шаардык мэриясы окуя боюнча үн катып, айдоочу каттамдан алынып, анын аракетин талдоо үчүн комиссияга жиберилгендигин билдирди. Ошондой эле жетекчилик аял менен байланышып, кечирим сурап, комиссияга чакырышкан. «Учурда №11 маршруттук каттамдын айдоочусуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айдоочуга сөгүш жарыяланып, ал тейлөө маданияты үчүн 100% үстөк акысынан ажыратылды», — дешти.