COVID-19га байланыштуу абал курч бойдон кармалып тургандыктан, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому Чүй облусу боюнча Тез жардам кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Чүй облусу боюнча Тез жардам кызматы COVID-19дун белгилери бар жарандарга жардам берип, 118 кызматынын жүгүн жеңилдетүү максатында иштейт. Жардам берүү акысыз.