Кечээ, 5-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына эс алууга чыккан орусиялык жаран бутун сындырып алып, 112 кызматынан жардам сураган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун нөөмөттөгү 5 куткаруучусу кырсыктаган адамды тоодон түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.