«Күйөөм апасын угуп, мага кол көтөрчү. Токмок жеп ооруканада жаткан күндөрүм болду» дейт келин

SUPERTV’нын кезектеги каарманы 31 жаштагы Наргиза Токтогон кызы. Ал эки баланын энеси. Келин кайненеси тарабынан «кедейдин кызысың», «сенин үй-бүлөң жаман адамдар» деген кемсинтүүлөргө, атүгүл кол көтөрүүлөргө дуушар болгонун айтат. Мындан улам, ал эки баласын алып, борборго келе берген.

«Ат-Башыга турмушка чыктым. Турмуштан жолдошум экөөбүздүн жолубуз болбой ажыраштык. Башында баары эле жакшы болчу. Мен негизи ал күндөрдү эстегим деле келбейт. Мен көргөн жаман күндөрдү душманыма да каалабайм. Уруштун баарын кайненем баштачу. Күйөөм апасынын тилин укчу. Ал болсо, ар кандай шылтоолор менен мени сабата берчү. Үйдөн сүйрөп чыккан күндөрү болгон. Ур-токмок жеп ооруканада жаткан күндөрүм болду. Кайненем да кол көтөрчү. Короо айланып качып жүрдүм»,- дейт келин.