Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 2020-жылы 707 миң адамды түздү. Аларга жалпы 31 миллиард сомдон ашык насыя берилди. 2019-жылы 624 миң адамга 30 миллиард сомдон ашык насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
2020-жылы микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,6 пайызы — айыл чарбасына, 28,2 пайызы — керектөөгө, 10,4 пайызы — соода жана кызмат көрсөтүүгө, 8,1 пайызы — курулушка берилген.
2018-жылдагы Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 96 микрокредиттик ишкана каттоодон өткөн.






