Учурда Кыргызстанда жүргөн UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстандын кооз тоолорунда ат чаап жүргөн видеосун социалдык баракчасына бөлүштү. «Кыргызстандагы жай мезгили керемет. Жаратылыш коюнунда үй-бүлөң менен ат чаап жүргөндөн артык нерсе барбы? Жай мезгили, тоонун тиш какшаткан суусу — экөө укмуш айкалышат. Мен көчмөн элимдин салтын улантып жатам», — деген Шевченко.
Баракелде! Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо жеңди
Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо жеңди. Балбан Бишкекте өтүп жаткан лицензиялык турнирдин жарым финалынын жеңүүчүсү болду. Регламентке ылайык, финалга чыккан...