Математика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Эльдар Искандеров менен Искен Кенжебаев Массачусетс технологиялык институтуна өттү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Эльдар Искандеров – Улуу Британияда өткөн IMO-2024 65-эл аралык математика олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Кыргызстандын математика боюнча курама командасынын мүчөсү, UWIS мектебинин бүтүрүүчүсү. Анын тренери – Мамат Ишматов.
Искен Кенжебаев – Улуу Британияда өткөн IMO-2024 65-эл аралык математика олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Кыргызстандын математика боюнча курама командасынын мүчөсү, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүүчү лицейдин бүтүрүүчүсү. Аны Азамат Аскаров таптаган.
Ачык маалыматтар боюнча Массачусетс технологиялык институт АКШнын эң абройлуу техникалык окуу жайларынын бири болуп саналат. Дүйнөнүн университеттеринин беделдүү рейтингдеринде алдыңкы позицияларды ээлеп турат.