Кыргызстандык окуучулар химия боюнча эл аралык олимпиадада эки коло медаль алышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Олимпиада Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында өтүп, ага дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүнөн жүздөгөн мыкты окуучулар катышкан.
Жыйынтыгында кыргызстандык Кахраманов Максатбек менен Жапаров Эржан коло медаль жеңип алышты.