Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов билим берүү уюмдарындагы психолог маселеси бир жылдан бери чечилбей жатканын айтты.
«Бир жылдан бери маселе чечилбей келе жатат. Бизге эң керектүү болуп жатат. Ар бир мектепте болбосо дагы, жок дегенде айыл өкмөттө бир психолог болушу керек. Ошол адис график менен барып, окуучулар менен сүйлөшүшү керек. Соцтармакта кайрылгандардын саны көп, бирок жасалган бир да иш жок. Маселени чечиш керек, баары кырылып калгыча карап отура беребизби?!” — деди депутат.










